Ош шаарындагы Кең-Сай конушунун тургундарынын жерлери алынбайт. Бул тууралуу вице-мэр Замир Юсупов билдирди.
Аталган аймакка жеке үй куруу үчүн жарандарга берилген жер тилкелери кайтарылып берилери буга чейин маалымдалган. Ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалган. Бирок жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин муниципалитет өз оюн өзгөрткөн.
«Силердин мамлекеттик актыларды жокко чыгарып, жерлериңерди тартып алуу боюнча эч кандай маселе жаралбашы керек, урматтуу Кең-Сай айылынын тургундары, биз аймакты өнүктүрөлү, сиздерге жакшы шарттарды түзөлү дедик.«Шаарга каалаган үйүңөрдү куруп алсаңыздар болот», — дейт Замир Юсупов.