Синоптиктердин билдиргенине караганда, 10-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 17...22
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10°, күндүз 23...25° жылуу болот.