19:05
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Кыргызстанга БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү келди

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Браги Гудбрандссон (комитеттин төрагасынын орун басары, Исландия) жана Тувайба Аль Барвани (комитеттин мүчөсү, Оман) Кыргызстанга расмий сапар менен келишти.

Иш сапардын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар, ошондой эле билим берүү, социалдык колдоо жана балдардын укуктарын коргоо жаатында кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен таанышуу орун алат. Анын ичинде өзгөчө билимге муктаж, аялуу жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар бар.

Визиттин алкагында БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин корутунду байкоолорун ишке ашыруу боюнча 2025-2028-жылдарга иш-чаралар планында белгиленип, БУУнун балдар укуктары боюнча конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы мезгилдик отчетунда даярдалган балдардын укуктарын коргоо жана эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу жаатындагы артыкчылыктуу чараларды талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрүлөт. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, эксперттик коомчулуктун жана жаштар демилгелеринин өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, аталган иш сапар КР Балдардын укуктары боюнча өкүлүнүн демилгеси жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG