Активист Зарина Төрөкулова менен акын Азамат Ишенбеков эркиндикке чыгат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын(ЖАК) басма сөз кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койду. Тизмеде алар бар. Ишенбеков менен Төрөкулова күндүн аягына чейин бошотулат», — деп белгилешти ведомстводон.
Эске салсак, былтыр январь айында камакка алынган 11 журналисттин арасында Азамат Ишенбеков да болгон. Алардын баары тергөөчү Болот Темировдун командасынын азыркы же мурдагы мүчөлөрү. Милиция журналисттерге КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси «Массалык баш аламандыкка чакыруу» боюнча айып койгон. 2024-жылдын октябрында Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылган.
Жалгыз бой эне Зарина Төрөкулова 2023-жылдын сентябрь айында социалдык тармактагы баракчасына башка эки адамдын билдирүүсүн бөлүшкөнү үчүн УКМК тарабынан кармалган. 2024-жылдын 3-июлунда Жогорку Сот беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.