13:37
USD 87.23
EUR 99.26
RUB 1.05

Бүгүндөн тарта Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бүгүн, 9-апрелден 31-августка чейин Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаралар Айтматов көчөсүнөн Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү Фрунзе көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерине байланыштуу болууда.

Иштин максаты 1971-жылдан бери иштеп келе жаткан жана тез арада модернизациялоону талап кылган эскирген түтүктөрдү алмаштыруу болуп саналат.

Реконструкциялоонун алкагында түтүктүн диаметри 900дөн 1 миң миллиметрге чейин көбөйтүлөт. Бул гидротехникалык режимди жакшыртат жана жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Жол тыгындарын болтурбоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы маршрутту алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG