Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 9-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23;
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндуз 16...21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндуз 13...18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12°, күндүз 21...23° жылыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.