Эртең, 8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26;
Талас облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндуз +21...+26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +14...+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12...14°, күндүз 24...26° жылыйт.