06:26
USD 87.42
EUR 99.39
RUB 1.06

Бүгүнкү аба ырайы: айрым аймактарда нөшөр, тоолордо кар жаайт

Бүгүн, 7-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаап, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26;

Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25;

Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −4...-9, күндүз 4...9;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз ала булут каптайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11...13°, күндүзгү жогорку температурасы 24...26° жылуу болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG