УКМК 2-апрелде УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын имаратында прокуратуранын, облустук ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик казыяттын өкүлдөрүнүн жана облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам жыйын болгонун билдирди.
Иш-чара укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп, жарандарга коомдук жайларда «никаб» кийүүдө 20 миң сом айып пул каралганын түшүндүрүштү. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.
Атайын кызмат мындай аракет «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» КР мыйзамын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.
УКМК көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын бузуу КР мыйзамдарына ылайык административдик жаза менен жазаланарын эскертет.