11:25
USD 87.39
EUR 96.36
RUB 1.01

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3000дөн ашты

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085ке, жаракат алгандардын саны 4715ке жетти, деп билдирет CGTN жергиликтүү бийликтерге таянуу менен.

Буга чейин Таиланддын Метеорология департаменти 28-марттан бери Мьянмада болгон жер титирөөдөн кийин 100дөн ашык каттаганы белгилүү болгон.Бирок кырсык Мьянмада төрт жылдан бери уланып жаткан жарандык согушту токтото алган жок деп билдирет Reuters. Аскердик төңкөрүшчүлөр 2-апрелден 22-апрелге чейин убактылуу ок атууну токтотууну жарыялады.

Ок атышпоо өлкөнүн жер титирөөдөн калыбына келишине көмөктөшүүгө багытталган.

Эске салсак, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG