00:30
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Кыргызстанда керектөө баалары 106,3 пайызга өстү

КМШ өлкөлөрүнүн көбүндө баалардын туруктуу өсүшү байкалууда. Мындай маалыматтарды Шериктештиктин мамлекеттер аралык статистикалык комитети келтирет.

КМШ өлкөлөрүндө керектөө бааларынын индекси ар кандай динамикаларды көрсөтүп жатканы белгиленген.

Керектөө бааларынын өсүшү боюнча Өзбекстан лидерликти ээледи (109,8 пайыз). Өзбекстан Республикасынын Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи кварталында республикада жылдык инфляция 0,5 пайызга өскөн. Акыркы 12 айдын ичинде 2024-жылдын мартынан 2025-жылдын мартына чейин өлкөдө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 8 пайыздан 10,3 пайызга чейин өстү.

Алардан кийин Россия (109,5 пайыз) жана Казакстан (108,6 пайыз) турат. Молдовада керектөө бааларынын индекси 107 пайызды, Кыргызстанда 106,3 пайызды түздү.

Андан кийинки орундарда Белоруссия (105,2 пайыз), Азербайжан (104,9 пайыз) жана Тажикстан (103,6 пайыз).

Армения жана Түркмөнстан боюнча толук статистика жок.

КМШнын Статистика комитети Кыргыз Республикасы өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индексинин жогорку көрсөткүчтөрүнө карабастан, 106,3 пайыз деңгээлинде керектөө бааларынын салыштырмалуу орточо өсүшүн көрсөтүп жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG