Бишкек Мэриясы Жылуулук электр борборун иштетүүдөн 701,7 миллион сом үнөмдөгөн. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, ЖЭБ Энергетика министрлигинин карамагына өтүп, борбор калаага өткөндө муниципалитет көтөрө аларынан көптөр күмөн санашкан.
Ошого карабастан ЖЭБтеги авариянын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп, ТВЕА компаниясын чакырып, үчүнчү жана төртүнчү блокторду оңдоп бүттүк. Быйыл электр энергиясын былтыркыга караганда 1,7 пайызга көп өндүрдүк. Жылуулук борборуна көмүрдү өз убагында жеткирдик",-дейт мэр.
Жергиликтүү газ жана күйүүчү майларды пайдалануу менен каражат үнөмдөлгөн.