УКМК республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, тиешелүү салык төлөмдөрүнөн качуу максатында өлкө аймагына тиешелүү товардык документтерин жасалмалоо жолу менен ташылып келген товарларды легалдаштыруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Алсак, «толкачтар» деп аталган жосунсуз ишкердик субъектилери салык кызматынын жана транспорт министрлигинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлошүп алышып, ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн ташылып келинген контрабандалык товарларды легалдаштыруу боюнча мыйзамсыз канал уюштургандыгы аныкталды.
Бул аракеттери менен мамлекеттик кызмат адамдары акчалай сый акыларын алып, андан соң контрабандалык товарларды легалдаштыруу үчүн аныктыгын текшерүү боюнча тиешелүү актыларды түзүшкөн.
2025-жылдын 28-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары «А.Т.», «К.А.», «Н.Б.», «А.А.» жана Кыргыз Республикасынын жарандары «А.Ч.» (КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкери), «А.Б.» кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен Бишкек шаарындагы № 1 ТКЖга киргизилген.
Учурда, КР УКМК тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо жана кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча иш-аракеттер уланууда.