11:22
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

1-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-апрелде жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −3...+2, күндүз 9...14;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −16...-21, күндүз −4...+1 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4...9°, күндүз 17...19° болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG