Соттун чечими менен «Реформациялык кыймылдын жетинчи күнүнүн ишенимдүү жана эркин адвентисттеринин бүткүл дүйнөлүк Бүткүл союздук чиркөөсү» диний уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат бул уюм Кыргызстандын аймагында каттоосу жана тийиштүү уруксаты жок иштеп, жарандарды идеологиялык жактан жалдоо жана башка конфессияларга каршы кастыкты козутуу менен алектенгенин билдирди.
Аталган диний уюм расмий катталган жетинчи күндүн адвентисттеринен бөлүнүп чыккан. Мындан тышкары, анын лидерлери жашоонун дээрлик бардык аспектилерине жалпы тыюу салуу жана чектөө идеясын жайылтышкан. Ошондой эле жолдоочуларын ай сайын алардын тапкан кирешесинин 20%ын төлөп турууга милдеттендиришкен.
Дин таануу экспертизасы бул диний уюмдун ишмердүүлүгүндө башка конфессияларды каралоо, аудиториянын аң-сезимин оозеки манипуляциялоо, уюмдун жактоочуларынын өзгөчөлүктөрүн пропагандалоо аркылуу диндер аралык кастыкты козутуунун элементтери бар экендигин тастыктаган.
Мындан улам 19-мартта Аламүдүн райондук соту аталган диний уюмдун ишмердүүлүгүн, алардын басма жана электрондук материалдарынын версияларын экстремисттик деп таап, анын ишмердүүлүгүнө, ошондой эле атрибуттарын же символикаларын өлкөнүн аймагында колдонууга тыюу салган.