Баткенде камакка алынган жер тилкеси Баткен шаарында 2 сотых жайыт жер тилкесин жооптуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан трансформация кылбастан, мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 2007-жылы Баткен шаарынын жергиликтүү бийлиги Чет-Булак кварталындагы жайыт жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген.
Менчик ээси "өз ыктыяры менен аталган жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берген