Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 28-март күнү саат 04:42де Казакстан Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР ӨКМнын пресс-борбору билдирет.
Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка чейин) сезилген.
ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.