11:39
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

28-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 28-29-март күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болот. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, карга айланат. 28-мартта тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 3...8;

Талас жергесинде түнкүсүн −1...-3, күндүз 1...6;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −2...+3, күндүз 6...11;

Нарын облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз 3...8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −9...-14, күндүз −4...+1 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке жуук карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3°, күндүз 5...7° болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG