Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен алты бала бакчаны мэрияга кайтарып берди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.
Мэрия депутаттардан объекттерди шаардык кеңештин кароосу жок муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча убактылуу ыйгарым укуктарды берүүнү суранды. Депутаттардын көпчүлүгү ыйгарым укуктарды берүүнү колдоп добуш беришти.
Айбек Жунушалиев бул бала бакчалар буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөнүн, эми аларды тез арада ишке киргизүү керектигин билдирди.