Бишкекте аптанын экинчи жарымында жаан жаап, түнкүсүн суук болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
27-мартта ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0 градустун тегерегинде болот. Күндүз +12 градуска чейин жылыйт.
28-мартта жаан жаайт. Түнкүсүн дагы эле суук — +1 градуска чейин. Күндүз +8 градус жылуу болот.
29-мартта түнкүсүн жаан жаап, +1 градус болушу мүмкүн. Күндүз ала булут каптап, +14 градуска чейин жылышы күтүлөт.
30-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 градус болот. Күндүз термометр +17 градуска чейин көтөрүлөт.