УКМК Бишкектеги 3 гектар жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта атайын кызматтын басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында А.Ж. акционердик коомунун ишмердүүлүгүндө өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен жер тилкесин белгиленген тартипти бузуу аркылуу төмөндөтүлгөн нарк боюнча алып коюу фактысы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «А.Ж.» АКсына (мында акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча орган болгон) автотранспорт ишканасын түзүү жана автотранспортту токтотуу үчүн максаттуу багыты бар 5,5 Га жер тилкесин өткөрүп беришкендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган объектинин ээси А.А.К. аттуу жаран аталган мүлккө ээлик кылуунун жана пайдалануунун мыйзамсыздыгын моюнга алган. Мындан улам А.А.К. акционерлер менен биргеликте аянты 5,5 га жер тилкесин бөлүп берүү жана бардык курулуштары менен 3 га жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берүү чечимин кабыл алды.
Бүгүнкү күндө бул объект министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
УКМК иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды, ошондой эле ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштерди улантууда.