03:16
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында жер титирөө катталды

25-мартта саат 20:00дө Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Момбеков айылынан түшүк-батышка 12 чакырым, Кочкор-Ата шаарынан түштүк-батышка 18 чакырым , Шамалды-Сай шаарынан түштүк-чыгышка карай 20 чакырым аралыкта болгон. Жердин силкинүүсү Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 балл, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG