Эртең, 26-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;
Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз 7...12;
Нарын облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз 9...14.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0...-2° (үшүк), күндүзгү температурасы 12...14° болот.