Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын статистикасына ылайык, Кыргызстанда айдоочулардын 70 пайызы жол эрежесин билишпейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Ал белгилегендей, инспекторлор буга чейин ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн.
«Айрымдары жалпы жол белгилерин билишпейт, автомектепте окуганда, кайсы инструктордо, кандай айдоочунун категориясында окуганда жооп бере алышкан жок. Биздин иликтөөбүзгө ылайык, республика боюнча айдоочулардын 70 пайызы жол эрежесин толук билишпейт», — дейт Байгазы Айтикул уулу.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1-сентябрдан тарта аларды бузган айдоочулардын Жол кыймылынын эрежелери боюнча билимин алар токтогон жерден текшерүү тартибин киргизүүнү каалап жатканын билдирген.