03:56
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

«Иисус» каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапташтары кармалды

«Иисус» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурдоо, каракчылык, опузалап талап кылуу жана башка бир катар оор кылмыштарды жасоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жыйынтыгында «Иисус» деген ат менен белгилүү, бир нече жолу соттолгон, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран кармалган. Аны менен кошо дагы 2 жаран кармалды.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапташтары материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, физикалык зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Жалпысынан коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу менен аффилирленген жактарга наркы 170 миң АКШ доллары болгон мүлктү тариздеген. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG