05:09
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Бишкекте кайрадан жамгыр жаайт. 24-26-мартка карата аба ырайы

Бишкекте аптанын биринчи жарымында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

24-мартта ала булут каптап, жаан жаайт. Түнкүсүн +9 градуска чейин жылуу болот. Күндүз аба +15 градуска чейин жылыйт.

25-мартта абанын температурасы түнкүсүн +5 градуска чейин жетиши күтүлөт. Күндүз термометр +10 градуска чейин гана көтөрүлөт. Ошондой эле жамгыр жаайт.

26-мартта түнкүсүн жаан жаап, +1 градуска чейин суук болот. Күндүз +11 градус гана жылуу.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG