Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25;
Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13;
Нарын облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз 9...14.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 7...9°, күндүзгү температурасы 24...26° болот.