21:37
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрдү кантип тездеткенин айтты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумуштары 2002-жылдын декабрь айында башталган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары 46 протоколго, топографиялык жумушчу топтору 87 жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору 25 протоколго кол коюшкан. Бардыгы болуп протоколдордун саны 160ка чейин жеткен.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 1008,14 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал белгилегендей, 2011-жылы бекитилген 519,9 чакырым чек ара тилкеси боюнча тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча келишимге кол коюуну сунуштап, тиешелүү материалдарды даярдаган. Бирок кыргыз тарап кыргыз-тажик чек арасы толугу менен такталып жазылганга чейин келишимге кол коюуга макул болгон эмес.

«Себеби аталган 519,9 чакырым чек ара тилкеси жалаң тоолуу аймактарды камтып, эл жыш жайгашкан жана чыр-чатактар көп катталган аймактардын чек арасы толук такталган эмес болчу», — деп кошумчалады УКМК төрагас

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG