USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Оштун мурдагы мэри бала бакчаны менчиктештирип, УКМК мамлекетке кайтарды

11:25, 19 марта 2025, Бишкек - 24.kg

УКМК Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айыл өкмөтүндөгү бала бакчаны мамлекетке кайтарды.

2005-жылы аталган 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Ош шаарынын мурдагы мэри Сатыбалды Чырмашев тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өткөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Ысык-Ата району, Сын-Таш айыл аймагы, Новая көчөсү, № 19а үй дарегинде жайгашкан 0,53 га, пайдалуу аянты 1 миң 94 чарчы метр болгон бала бакчанын аянты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бала бакча 2025-жылдын 14-мартында «Мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндө» келишимге ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлгөн.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика