Кыргызстан менен Өзбекстан аба каттамдарын кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын Ташкенттеги соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери «Аэро Номад» авиакомпаниясынын жетекчилиги жана Өзбекстан Республикасынын алдыңкы туроператорлору менен жолугушуу өткөрүштү.
Тактап айтканда, тараптар жаңы аба каттамдарын ачуунун келечегин талкуулашты. «Aero Nomad Airlines» компаниясынын башкы директору Тимур Аралбаев авиакомпаниянын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, туроператорлор жаңы багыттарды өнүктүрүүнү жактап чыгышты.
Жаңы аба каттамдарынын ачылышы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтөт. Мындан тышкары уризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана өлкөлөр ортосундагы ишкер байланыштарды бекемдейт.