17:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек — Дели — Бишкек багыты боюнча аба каттам ачылды

Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 19-ноябрда учуп келди. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, каттамды жаңы атамекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Airbus А320 учагы менен ишке ашырды.

Авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек каттамын жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укук алган.

Эң көп окулган жаңылыктар