Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Энергетика министрлигине энергетикалык ресурстарга мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы үчүн эсептегичтерди сатып алууга 14,2 миллион евро бөлөт. Макулдашууну Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети жактырды.
Бул каражаттардын ичинен ЕРӨБ 9,2 миллион еврону үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 18 жылга кредит, 5 миллион евросун грант катары берет.
Бул акчага Энергетика министрлиги «акылдуу» эсептегичтерди жана өзүн өзү көтөрүүчү изоляциялык зымды сатып алат. Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков белгилегендей, алар тиричилик керектөөчүлөрү үчүн бекер орнотулат.
Жалпысынан 150 миң эсептегич алынып, электр энергиясынын жоготууларын 2 пайызга азайтат.
«Учурда электр энергиясынын жоготуулары 11,65 пайызды түзөт. Эсептегичтерди сатып алуу менен аны 2 пайызга азайтабыз. Бул жылына 670 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет», — деди министрдин орун басары.