11:30
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бишкекте автобус айдоочусу менен муниципалдык кызматкер мушташа кетти

Интернетте автобустун айдоочусу менен Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын кызматкеринин мушташы тартылган видео тарады.

Окуя бүгүн, 14-мартта Чүй проспектисинде, Ош базарынын жанындагы аялдамада болгон.

Кадрдан автобустун айдоочусу менен муниципалдык кызматкердин жакасынан кармап турганы көрүнүп турат. Сары жилетчендер аларды ажыратууга аракет кылышат, бирок автобустун айдоочусу атаандашынын башын сүзө баштайт.

Милиция окуянын чоо-жайы иликтенип, мушташка катышкандар изделип жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG