Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештери болуп өттү. Бул тууралуу УЕФА сайтында маалымдалды.
Алардын жыйынтыгы боюнча 1/4 финалдык жуптар аныкталды:
ПСЖ (Франция) — Астон Вилла (Англия);
Реал Мадрид (Испания) — Арсенал (Англия);
Барселона (Испания) — Боруссия D (Германия);
«Бавария» (Германия) — «Интер» (Италия).
Алгачкы беттештер 8-9-апрелде, жооптук беттештер 15-16-апрелде болот. Финал 31-майда Мюнхенде өтөт.