20:24
USD 87.45
EUR 99.57
RUB 1.07

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постунда кечээ, саат 22:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунда (Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында) бороон болуп, тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Жеңил унааларга жол ачык, каттам бар.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан өлкөнүн ашуулары жана жолдорунда кышкы тейлөө иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
29-апрель, шейшемби