23:46
USD 86.77
EUR 93.69
RUB 1.03

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Кыргызстанда 17-февралдан 23-февралга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 082, сасык тумоонун 60 учуру катталды. Бул тууралуу журналисттерге Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 6,6 пайызга азайган.

Дарыланууга кайрылгандардын 5,1 пайызы же 520 бейтап ооруканага жаткырылган.

Республика боюнча оорунун көрсөткүчүнүн жогору болушу Бишкек шаарында (1,8 эсе) жана Ош шаарында (1,9 эсе), Чүйдө (1,4 эсе) жана Ысык-Көл облусунда (1,3 эсе) байкалган.

Курч респиратордук вирустук инфекциялар, сасык тумоо жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды баалоо улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG