Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевдин талапкерлигин карап жатышат.
Эл өкүлү Арсланбек Малиев Нурдан Орунтаевге Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна мектеп жана бала бакча курууну суранды. Ал мектеп куруу керек болгон 14 айылды, бала бакчага муктаж болгон 15тен ашык айылды санап өттү.
Арсланбек Малиев мунун баарын Нурдан Орунтаев ишке ашырса, көзү тирүүсүндө жер таап, министрликке талапкерге эстелик тургузам деп убада кылды.
Эске салсак, Садыр Жапаров өз жарлыгы менен министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү. Мамкурулушту жетектеген Нурдан Орунтаев президенттин жарлыгы менен жаңы мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.