05:46
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

10-февралдан тарта 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул башталат

10-февралдан тарта 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул башталат. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.

Келерки дүйшөмбү, 10-февралдан тарта борбор калаанын мектептеринин 1-класстарынын окуучулары жети күндүк кошумча каникулга чыгаары такталды.

Мектепке чейинки класстарда окуган балдарга да эс алуу каралган. Алар үчүн майрам эки жумага созулат.

Эске салсак, жаш балдар үчүн кошумча каникулдар базалык окуу планынын алкагында бекитилген. Мектепке чейинки 480 сааттык «Наристе» программасына кирген алты жаштагыларга кошумча 14 күн, 1-класстын окуучуларына бир жума кошумча эс алуу каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар