Бишкектин борборунда 28 көчө жана 7 тротуар оңдолот. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин орун басары Медет Кубатбеков борбор калаанын шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ленин көчөсүндөгү жана Мурас-Ордо конушундагы көпүрөлөр да оңдолот.
«Жалпысынан оңдоо иштери пландалган жолдордун узундугу 16 миң 446 метрди, аянты 125 миң чарчы метрди түзөт», — деди ал.