20:31
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

«Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчиси алмашты

Алманбек Исмаилов «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Жарасул Абдураимов бул кызматтан бошотулду.

Жаңы директор бүгүн, 24-январда «Кыргызиндустрия» ишканасынын жамаатына тааныштырылды.

«Кыргызиндустриясы» ААКсы — Министрлер Кабинетинин алдында түзүлгөн мамлекеттик ишкана. Анын негизги максаты — өнөр жай тармагын жандандыруу, ишканаларды ишке киргизүү жана модернизациялоо, жумушсуздук менен миграцияны азайтуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар