22:01
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Бишкекте карды тазалоого канча техника чыкканы айтылды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Саат 13:00гө карата линияда 44 атайын техника иштеп, 55 тонна техникалык туз колдонулган. Анын ичинен 5 даана МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана «Беларус» үлгүсүндөгү трактор, 4 даана УКМ-2500 үлгүсүндөгү универсалдуу муниципалдык унаа жана 4 даана «Бопкат» үлгүсүндөгү унаа щеткалар иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кардан тазалоого жаңы атайын техникалар, ошондой эле ишкананын 750 кызматкери тротуарларды тазалап, жолдордун бордюрларын тазалоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар