USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кыргызстанда унааларды кайра каттоонун онлайн кызматы иштей баштады

13:22, 16 января 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда унааларды кайра каттоо жана аларга болгон менчик укугун каттоонун жаңы онлайн кызматы иштей баштайт. Тиешелүү регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, кызмат электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында, Tunduk мобилдик тиркемесинде жана башка санарип платформаларында жеткиликтүү болот. Кыргызстандын жарандары интернет аркылуу арыз берип, кызмат акысын төлөп, унааны кайра каттоонун бардык этаптарынан өтө алышат.

Кызмат мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында түзүлүүдө. Ал ошондой эле өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика