19:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бир жылда Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон машинелердин саны 45 эсеге өстү

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Кытайдан 79 миң 131 автоунаа импорттогон. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети жарыялады.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 44,6 эсеге өскөн. 2022-жылы болгону 1 миң 773 машина алынып келинген.

 Унаалардын наркы 1 миллиард 197,3 миллион долларды түздү. Демек, машинелердин ар бири орточо эсеп менен 15 миң доллар турат.

Түштүк Кореядан автоунааларды импорттоо көрсөткүчтөрү дагы жогорулады. 50 миң 397 машине 434,8 миллион долларга импорттолгон. Бул 2022-жылдын деңгээлинен дээрлик беш эсеге көп, ал жылы Түштүк Кореядан өлкөгө 10,6 миң унаа 78,6 миллион долларга алынып келинген.

Мындан тышкары, 14 миң 437 унаа Россиядан 11 миң 953 миллион долларга, 11 миң 953 машине АКШдан 209,6 миллион долларга, 9,3 миң унаа Япониядан 208,5 миллион долларга сатылып алынган.

Жалпысынан өткөн жылы Кыргызстанга 184 миң 789 автоунаа импорттолуп, алардын баасы 2 миллиард 766,8 миллион долларды түзгөн. 2022-жылдан айырмаланып, көрсөткүч 4,5 эсеге өскөн.

Көптөгөн жеңил унаалар Кыргызстандан башка өлкөлөргө да экспорттолот. 2023-жылы экспорт 2022-жылга салыштырмалуу 8,6 эсеге өскөн

 Өткөн жылы Кыргызстан 8 миң 733 жеңил унааны 69,6 миллион долларга экспорттогон. Бир машиненин орточо баасы 7,9 миң долларды түзгөн.

Унаалардын басымдуу бөлүгү Россияга чыгарылган, 6 миң 253 машине 52,5 миллион долларга сатылган. Дагы 2 миң 374 автоунаа Казакстанга 10,8 миллион долларга экспорттолгон.

Эске салсак, 2024-жылы 1-апрелинен баштап Россияда ЕАЭБ мамлекеттеринен ташылып келинген автоунаалар үчүн алымдарды эсептөө тартиби өзгөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар