Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ага убада кылынган акчанын берилбей жатканы боюнча шаар тургундары жана жаш дарыгерлер арыз менен кайрылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, ОшМУдан айына 20 миң сом алып жаткан стажерлор кайрылып, сентябрь айынан бери акча алалбай калганын айтышкан. Алар депутаттан маселени министрлер кабинетинин башчысына жеткирүүнү суранышты.
Кошумчалай кетсек, Эльвира Сурабалдиева Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординаторлору да 20 миң сом ала албай калганын айтты.
«Саламаттык сактоо министри эмне үчүн телевидение аркылуу бул төлөмдөрдү айтып мактанып, азыр төлөбөй калды деп сурап жатышат? «Жаштарды алдаштын кереги жок», — деди депутат.
Ал кошумчалагандай, жаш дарыгерлерге да министр убада кылган бонустар төлөнбөй жатат.