Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдирди.
Маалыматка ылайык, Раззаков-Бишкек-Раззаков каттамында унаа токтотуучу жай катары пайдаланылган.
Аянты 0,15 га, базар баасы 22,5 млн сомду түзгөн жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген.