22:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте болгону 19,6 миң унаа токтотуучу жай бар

Бишкекте болгону 19,6 миң унаа токтотуучу жай бар. Бул тууралуу тегерек столдо «Парковки и стоянки» ишканасынын директору Демир Жумашов билдирди.

Анын айтымында, азырынча борбор калаада 10,6 миң унаа токтотуучу жай бар. Жакынкы аралыкта дагы 1,5-2 миң жай түзүү пландалууда.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиевдин айтымында, мэрия үчүн унаа токтоочу жайлардан акы табуу башкы нерсе эмес. Эң негизгиси шаарды тартипке келтирүү.

«Баардыгына толугу менен автоматташтырылган система орнотулат. Унаа ээлери сайт же тиркеме аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө алышат», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар