Орто-Сай базарынын аймагына он унаага ылайыкталган биринчи жолу көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Сыноо иштеринен кийин унаа токтотуучу жай иштей баштаары белгиленген.
Жетиштүү орундары бар аймактарда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар пландаштырылат. Ал эми бош орундары чектелген жерлерде ротациялык унаа токтотуучу системалар орнотулат.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын жай айларында базардын аймагындагы 252 унаа үчүн унаа токтотуучу жайдын курулушун бүтүрүү пландалууда.