15:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат: Унаа токтоткондордон акча жыйноо канчалык мыйзамдуу?

««Мадина» базарынын жанында, Юнусалиев көчөсүндө кимдир-бирөөлөр унаа токтоткондордон акча жыйнап жатышат. Бул канчалык мыйзамдуу?», — деп Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Канатбек Музуралиев суроо салды.

Вице-мэр Азизбек Алымкулов бул акча чогултууга мэриянын тийиштиги жок экенин айтты.

«Муниципалитет эч кимге уруксат берген эмес. Биздин маалымат боюнча, базардын айланасындагы унаа токтотуу үчүн акча чогултуу мыйзамсыз», — деди ал.

Депутаттар «Бишкек унаа токтотуучу жайлары» мекемесинин ишинин эффективдүү болбой жатканын айтып чыгышты. Алар мекеменин бир канча ай мурун түзүлгөнүн кошумчалашты. «Алар 980 миң сом чогултушту, ал эми аларга 7,2 миллион сом бөлүнгөн», -дешет депутаттар.

Эң көп окулган жаңылыктар