18:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте 16 муниципалдык унаа токтоочу жайдан айына 380 миң сом түшүп турат

Бишкекте 16 муниципалдык унаа токтоочу жай ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын отурумунда «Бишкектеги унаа токтоочу жайлар» мекемесинин башчысы Ислан Момуналиев билдирди.

Анын айтымында, алардан айына 380 миң сом келип түшөт. Жалпы орундардын саны 500 болсо, анын 90 пайызы толуп турат.

Маалыматка караганда, Айтматов-Салиева, Жетикашкаева, Сүйөркулов, Тыналиев, Кожевенная, Литовская, Буденный, Ауэзов, Жукеев-Пудовкин, Лермонтов, Сүйүнбаев, Токомбаев, Москва, Анкара көчөлөрүндө унаа токтотуу жайлары бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума