Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин директорлугуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директорунун ваканттык кызматына арыздар жарыяланганын ведомство тактады.
Талапкерлердин маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими жана жетекчилик кызматтарда үч жылдан кем эмес же беш жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы болушу керек.
Документтер 2025-жылдын 22-январына чейин кабыл алынат.
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты — Кыргызстандын музыкалык интеллигенциясын даярдаган Бишкектеги окуу жайы. Ал 60 жылга жакын убакыттан бери иштеп, элдин руханий байлыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет. Музыка тармагындагы кадрларды даярдоо жана өнүктүрүү менен бирге окуучуларга 11-класстын базасында жалпы орто билим берет.